Биз социалдык тармакта

 Балыкчыдагы кырсык: Зулушев күнөөлүү милиция кызматкери мыйзам чегинде жазасын аларын айтты

Балыкчы шаарында 11 жаштагы окуучу кызды унаа менен сүзүп кеткен мурдагы милиция кызматкери мыйзам чегинде жазасын алат. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйында билдирди.

"Бул кырсык шалаакылыктан жасалган кылмыш болуп саналат. Унааны мас абалында башкарып бара жатып өспүрүм кызды сүзүп, бирок ага жардам көрсөтпөй качып кеткен айдоочунун иштери учурда тергөөдө такталып жатат. Азыр бул маселе боюнча так жооп бере албайм",- деди ал.

Эске салсак, ушул жылдын 26-январында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 5-класстын окуучусун жол тандабас сүзүп, айдоочу токтобостон качып кеткен. Унааны Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бектур Осмонбаев башкарып бара жатканын жабырлануучу кыздын атасы айтып чыккан. Кийин ал кармалган.

Ошондой эле бул кылмышка бир шектүү катары Бектур Осмонбаевдин агасы Бекзат Казаков дагы кармалган. Ал Ысык-Көл облусунун ИИБнын участкалык инспектору болуп иштеп келген. Ал Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2024-01-31 20:27:00
Башкы прокурор эмнеге так жооп бере албайсыз? кылмыш болгонуна 5 сутка өттү, качанга дейре ушундай иштерди прокуратура менен МВД жаап жашырып жүрө бересиңер? качанга чейин карапайым калк ушинтип силерден жабыркап жүрө берет, реанимацияга шору куруп жатып калган кыз кантет эми? эмнеге кечиктирип жатасыз?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан