Балыкчыдагы кырсык: Бектур Осмонбаевдин бир тууган агасы дагы кармалды

Балыкчы шаарында окуучу кызды унаа менен сүзүп кетүү фактысынын негизинде Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бектур Осмонбаевдин агасы Бекзат Казаков дагы кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Бекзат Казаков кылмыш иши боюнча дагы бир шектүү катары Каракол шаарынан кармалган. Ал Ысык-Көл облусунун ИИБнын участкалык инспектору болуп иштеп келген. Ал Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Белгилей кетсек, 26-январда Балыкчыда 5-класстын окуучусун жол тандабас сүзүп, айдоочу токтобостон качып кеткен. Унааны Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бектур Осмонбаев башкарып бара жатканы айтылган.

Ага УКМК издөө жарыялап, ал көп өтпөй эле кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан