Бишкек Жылуулук электр борборундагы жарылуунун эпкини Лермонтов көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишине жакын жердеги видеокөзөмөл камерасына түшүп калган. Видео социалдык тармактарда пайда болду.
Белгилей кетсек, 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда авария болуп, үч киши жабыркаган. Авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү.
Ал эми өрт таңкы саат 05:05 чамасында толугу менен өчүрүлдү.
Борбордогу кырдаалды президент Садыр Жапаров өзү көзөмөлдөп жатат.
Буга байланыштуу борбордогу мектептер жана бала бакчалар 6-февралга чейин онлайн окууга өттү.