Бишкекте мектеп жана бала бакчалар онлайн окууга өттү

Бүгүн, 2-февралда Бишкек жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) катталган аварияга байланыштуу борбордогу мектептер жана бала бакчалар 6-февралга чейин онлайн окууга өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
"Мындай чечим шаардын жылуулук режимин сактоо максатында кабыл алынып, ысык суу берүүдө чектөө киргизилди", -деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Энергетика министрлиги ЖЭБдеги катталган авариялык абалдан улам иштен чыккан жабдууларды жана авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлгөнүн кабарлаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан