Биз социалдык тармакта

Бишкекте ЖЭБдеги авариядан улам кайсы райондордо жылуулук берүү токтотулду? Тизме

“Бишкекжылуулукэнерго” ишканасынын директорунун орун басары Шаршенбек Сарыкеев бүгүн, 2-февралда маалымат жыйында ЖЭБдеги жарылуудан улам борбордо канча районго жылуулук берүү токтотулганын айтты.

Анын айтымында, Бишкектин №3, 5, 6, 7, 11, 12 кичи райондоруна жана 8-кичи райондун бир бөлүгүнө, Улан, Көк-Жар кичи райондоруна жылуулук берүү токтотулган.

Ошондой эле калаанын абоненттерине ысык суу берүүдө чектөө киргизилгенин кошумчалады.

“Биз жылуулук берүүнү үзгүлтүккө учуратпаш үчүн ысык суу берүүгө чектөө киргиздик”, - деди Сарыкеев.

Эскерте кетсек, 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда авария болуп, үч киши жабыркаган. Алардын экөөсүнүн абалы өтө оор экени кабарланды.

ЖЭБдеги авариядан улам калаадагы мектеп жана бала бакчанын бардыгы 6-февралга чейин онлайн окууга өткөрүлүп, Бишкек ЖЭБнин аймагында аварияга байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Ал эми борбордогу кырдаалды президент Садыр Жапаров өзү көзөмөлдөп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан