Биз социалдык тармакта

ЖЭБдеги авариядан жабыркаган 5 кишинин абалы айтылды

Бишкек ЖЭБиндеги авариядан 5 адам жабыркаган. Бул тууралуу 2-февралда "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, экөө оор абалда, бирөөнүкү оор деп бааланууда.

"Жабырлануучулардын үчөө өрттөн 1, 2 жана 3-даражадагы күйүк алган. Алардын экөөнүн денесинин 80 пайызы (бети, моюну жана тулку бою, колу-буту) күйгөн. Экөө тең жандандыруу бөлүмүндө жатат, абалдары оор.

Үчүнчү адам эки колунан 1, 2 жана 3-даражадагы күйүк алган - 10 пайызы күйгөн. Абалы орточо оор деп бааланууда", - деди министрдин орун басары.

Калган эки адам амбулатордук жардам алып, ооруканага жатуудан баш тарткан. Бирөөсү тизесинен жаракат алса, экинчиси көмүр кычкыл газына ууланган. Алардын абалы канааттандырарлык.

Эскерте кетсек, 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда авария болуп, үч киши жабыркаган. Алардын экөөсүнүн абалы өтө оор экени кабарланды.

Ал эми өрт саат 05:05 чамасында толугу менен өчүрүлдү.

Борбордогу кырдаалды президент Садыр Жапаров өзү көзөмөлдөп жатат.

Калаадагы мектеп жана бала бакчанын бардыгы 6-февралга чейин онлайн окууга өттү.

Бишкек ЖЭБнин аймагында аварияга байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан