ӨКМ министри Бообек Ажикеев ЖЭБдеги авария боюнча өлкө башчы Садыр Жапаровго маалымат берип, жарылуунун себебин айтты.
Анын айтымында, жарылуунун себеби дагы да такталып жатат.
“Буга чейин 14-буу казанда жарылуу болду деп ойлоп жатканбыз. Алдын ала изилдөө боюнча газ же көмүр чаңы чогулуп, шахтада жарылуу болуптур. Буу казандардын баары таза, жарака кетип, тешилген жерлери байкалган жок”, - деди Ажикеев.
Буга чейин авария ЖЭБдин 14-буу казанында болгон деген божомол бар экенин энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов айткан.
Эске салсак, 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында Бишкек Жылуулук электр борборунда авария болуп, беш киши жабыркаган. Алардын экөөсүнүн абалы өтө оор экени кабарланды.
ЖЭБдеги авариядан улам калаадагы мектеп жана бала бакчанын бардыгы 6-февралга чейин онлайн окууга өткөрүлүп, Бишкек ЖЭБнин аймагында аварияга байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилген.