Бүгүн, 10-февралда Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы болуп шайланган Абдулазиз Закиров облус казыларына жыйын өткөрдү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйында муфтий диний объектилердин каттоо иштерин ыкчамдатуу, ысырапкорчулуктун кесепеттерин жана зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн токтотууга багытталган иштерди алып баруу өңдүү бир катар тапшырмаларды берген.
"Мындан сырткары аймактардагы түзүмдөр менен тыгыз кызматташуу, диний агартуу, жаш өспүрүмдөр жана аялзатынын туура нуктагы диний билим алышына көңүл буруу, өзгөчө мусулман кыргыз коомчулугунда матуриди акыйдасын жана ханафилик мазхабын күчтөндүрүү жаатында тапшырмалар берилди", - деп айтылат маалыматта.