Өлкөнүн муфтийи болуп Абдулазиз Закиров шайланды  

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы болуп Абдулазиз Закиров бекиди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-февралда Кыргызстан мусулмандарынын кезексиз курултайы өтүп, анда Абдулазиз кары Закиров өлкөнүн муфтийи болуп шайланган.

Муфтийдин өмүр баяны:

Абдулазиз кары Закиров 1979-жылдын 29-апрелинде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Жети-Кошкон айылында туулган. Ал аталган айылдагы С.Нурдавлетов атындагы №24 орто мектебинде билим алган.

Билими: жогорку

1993-1998-жылдары Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы хафыздык Куран курсунда окуган;

2009-2015-жылдары Бишкек шаарындагы "Расул Акрам" ислам институтунда илим алган;

2015-2018-жылдары Укук-Бизнес жана билим берүү академиясынын юриспруденция адистиги боюнча бүтүрүүчү.

Эмгек жолу жана ишмердүүлүгү:

2002-2005-жылдары Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылындагы "Абу Бакр ас-Сыддык" медресесинин мүдүрү, "Абу Бакр" мечитинин имам-хатибинин орун басары;

2005-2008-жылдары Аламүдүн районунун баш имам-хатиби;

2008-2011-жылдары Чүй облусунун мусулмандарынын казысынын 1-орун басары;

2011-2013-жылдары Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби;

2012-жылы Кыргызстан мусулмандарынын Уламалар Кеңешинин мүчөсү (азыркы Аалымдар Кеңеши);

2013-2021-жылдары Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы;

2021-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби болуп эмгектенип келген.

Сыйлыктары:

2005-жылы "Абдулла ибн Аббас" медресесинде өткөн Куран конкурсунун жеңүүчүсү;

2015-жылы КМДБнын Азирети Муфтийинин Алкыш баракчасы;

2017-жылы "Аймак" облустук коомдук-саясий гезитинин редакциясы тарабынан жылдын мыктысы наминациясы ыйгарылган;

2021-жылы Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинен "Ардактуу Казы" алкыш баракчасы ыйгарылган.

Мындан сырткары бир нече Ыраазычылык каттардын жана Алкыш баракчалардын ээси.

Араб жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт.

Үй-бүлөлүү, үч уул, бир кыздын атасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Uri24
2024-02-10 12:09:00
Ашынган диний фанатизмди жайылтпоо керек. Фанатизм башка идеяларга карата сабырсыз жана агрессивдүү. Мындай адамды руханий - деп айтуу туура эмес. Мындай адамдар логикалык аргументтерди жана фактыларды кабыл алышпайт.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан