Биз социалдык тармакта

Жалал-Абад шаарынын мэри калаадагы жолбун иттерди атууга тапшырма берди

Жалал-Абад шаарынын мэри калаанын көчөлөрүндө жолбун иттер көбөйүп кеткендигине байланыштуу аларды атууга тапшырма берди. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда SUPER.KG порталына шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, көчөдө бош жүргөн иттер "Жалал-Абад Тазалык" мекемеси тарабынан атып жок кылынат. Алар жыл сайын мезгил-мезгили менен жолбун иттерди атуу ишин жүргүзүп турат.

Быйыл январь айында 72 ит атылса, былтыр алардын 1 426сы жок кылынган.

Эске салсак, кечээ аталган шаардын тургуну ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө көчөдө жолбун иттер көбөйүп, жашоочуларды кооптондуруп жатканын жана буга калаа башчысы чара көрүшү керектигин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан