ЭЛДИК КАБАР: Жалал-Абаддын тургуну жолбун иттердин көбөйүп жатканына нааразы

Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүндө жолбун иттер көбөйүп, жашоочуларды кооптондурууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталынын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө шаар тургуну билдирди.

Ал көчөдө бош жүргөн иттерге калаа башчысы чара көрсө дейт. Анткени алар адамга зыян келтириши ыктымал.

"Бүгүнкү күндө Жалал-Абад шаарында көчө иттери көбөйүп кетти. Түнү иттер корообузга кирип таштандыларды чачышат. Мындай көрүнүш Курманбек районунда жер үйлөр жакта көп байкалат. Бир гана ал эле эмес, унаа каттаган чоң жолдорго да түнкүсүн эки-үчтөн болуп чыгып алат. Анысы аз келгенсип түнү өтүп баратсаң алдыңан үрүп чыгат. Шаар мэри ушуга окшогон иттерди бир жансыл кылса жакшы болот эле. Болбосо кокустан тиштеп алса, адамдын ден соолугуна залакасын тийгизиши мүмкүн", - деди шаар тургуну.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан