Биз социалдык тармакта

Надира Нарматова жыйында добуш берүүгө үлгүрбөй калганын айтты

Бүгүн, 14-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова "Керемет банкты" сатуу жөнүндөгү мыйзам долбоору каралып, добушка коюлганда башка депутаттар үчүн добуш берип жатып, өзү үчүн добуш берүүгө үлгүрбөй калганын айтты.

Анда эл өкүлү добуш берүү аяктагандан кийин вице-спикерге кайрылып, башка депутаттардын кнопкаларын басып жатып өзүнүкүнө үлгүрбөй калганын билдирген.

Ага чейин аталган мыйзам долбоору талкууланып жатканда Нарматова депутаттарды колдоого чакырган.

Жыйынтыгында парламент көптөгөн талкуулардан соң мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алып, Улуттук банктын карамагындагы "Керемет банкты" министрлер кабинетине сатууга макулдук берди.

Жогорку Кеңеш 14.02.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан