Жогорку Кеңеш "Керемет банкты" сатууга макулдук берди

Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңеш Улуттук банктын карамагындагы "Керемет банкты" Министрлер кабинетине сатууга макулдук берди.

Мыйзам долбоору бүгүн экинчи жана үчүнчү окууда каралып, жактырылды.

Долбоордо Министрлер кабинети "Керемет Банк" ААКтын Улуттук банкка таандык 7 миллиард 126 миллион 432 миң сом өлчөмүндөгү ("Керемет банктын" 100 пайыз таза капиталынын 97.45 пайызы) акциясын сатып алуусу сунушталууда.

Ушул тапта банктын уставдык капиталы 8 миллиард 698 миллион 746 миң сом. Анын 97,45 пайыз акциясы Улуттук банкка, 0,74 пайызы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттикке, 1,81 пайызы жеке адамдарга таандык. Улуттук банк “Керемет банктын” 97,45 пайыз акциясына 2018-жылдан бери ээлик кылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан