Биз социалдык тармакта

Arzu, Time Out кафелеринин ордуна салына турган аренанын эскизи көрсөтүлдү

“Бишкек башкы архитектура” муниципалдык ишканасынын адистери тарабынан Arzu жана Time Out кафелеринин ордуна курула турган чакан аренанын эскизинин долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Буга чейин аталган кафелер буздурулуп жатканы маалымдалган.

"Долбоордо спорт залдары, калыстар үчүн жайлар, кийим алмаштыруучу жерлер, машыктыруучулар зонасы, административдик жана башка бөлүктөр каралган. Бошотулган аймакка бак-дарактарды кайрадан отургузуп, жашылдандыруу жасалат. 2000-жылдын башында объектилерди курууга уруксат берүүчү документтер берилген. Укук коргоо органдары иш козгоп, баа берүү боюнча иш алып барууда",-деп айтылат билдирүүдө.

Коомдук тамактануучу жайдын кожоюндары муниципалитеттин сунушуна макул болушканы, аларга шаардын башка аймагынан жер тилкеси берилери кошумчаланды.

Эске салсак, Time Out кафесинин аянты 1126 чарчы метрди, Arzu кафесинин аянты 1635 чарчы метрди түзгөн. Жалпысынан 2761 чарчы метр, башкача айтканда 27 сотых жер бошоду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан