Бүгүн, 1-мартта Бишкектин Тоголок Молдо көчөсүндөгү "Arzu" жана "Time Out" кафелери буздурулду.
Мэриядан билдиришкендей, алардын ордуна Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун бузулуп кеткен чакан аренасы кайра курулат. Ошондой эле вице-мэр Азамат Кадыров ал жерде эч кандай имарат болбошу керектигин айткан.
Коомдук тамактануучу жайдын кожоюндары муниципалитеттин сунушуна макул болушкан. Аларга шаардын башка аймагынан жер тилкеси берилет.