Биз социалдык тармакта

Баткенде изделип жаткан 29 жаштагы аялдын сөөгү тоодон табылды

Баткен районунда изделип жаткан 29 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-мартта Р. кызы Н аттуу майыптыгы бар аялды издөөгө ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Баткен район-шаардык бөлүмдөрүнөн жалпы 31 куткаруучу тартылган.
Натыйжада аталган жарандын сөөгү саат 16:12де Рават айылындагы тоо боорунан табылып, жакындарына өткөрүлүп берилди.
"Алгач жогоруда аты аталган аялдын жоголгондугу тууралуу маалымат 102 кызматына түшкөн. Ал Баткен районунун Ак-Татыр айылына баратып, айылдан ары жайгашкан Рават айылынан түшүп калган. Ички иштер бөлүмү тарабынан издөө иштери 3 күн бою жүргүзүлүп, кошумча күч катары ӨКМден жардам сурап кайрылышкан", - деп айтылат билдирүүдө.
Куткаруучулар Баткен районунун Рават, Ак-Татыр айылдарынын аралыгында, Баткен-Раззаков автоунаа жолунун эки тарабында издөө иштерин жүргүзүшкөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан