Баткен районунда майыптыгы бар 29 жаштагы аял изделүүдө

Баткен районунда майыптыгы бар 29 жаштагы аял изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, ушул жылдын 27-февраль күнү 29 жаштагы Р кызы Н аттуу аял жоголгондугу тууралуу маалымат 102 кызматына түшкөн.
"Аталган жаран Баткен районунун Ак-Татыр айылына баратып, айылдан ары жайгашкан Рават айылынан түшүп калган. Ички иштер бөлүмү тарабынан издөө иштери 3 күн бою жүргүзүлүп, кошумча күч катары ӨКМден жардам сурап кайрылышкан", - деп айтылат анда.
Буга байланыштуу бүгүн, 2-мартта Баткен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №106 жана №31 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 23 куткаруучу, Баткен шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №26 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 8, жалпы 31 куткаруучу тартылды.
Учурда куткаруучулар Баткен районунун Рават, Ак-Татыр айылдарынын аралыгында, Баткен-Раззаков автоунаа жолунун эки тарабында издөө иштерин жүргүзүп жаткандыгы кабарланат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан