Бүгүн, 13-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынына Түркияга дарылануу үчүн кеткенин айткан депутат Шайлообек Атазов келди.
Ал борбордук трибунадан 10 мүнөт убакыт сурады.
6-мартта Бишкек шаарынын административдик соту Шайлообек Атазовду мандатынан ажыратканы маалым болгон.
Ага чейин Атазов 1-мартта Түркияда дарыланып жатканын, жүрөгүнө атайын медициналык аппараттар орнотулганын жазган.