Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов учурда Түркияда дарыланып жатат. Бул тууралуу саясатчы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Атазов билдирүүсүндө жүрөгүнө атайын медициналык аппараттар орнотулганын айтты.
"Ассалому аллейкум, урматтуу мекендештер!
Мен учурда Түркияда дарыланып жатам. Тилекке каршы, жүрөгүмө атайын медициналык аппараттар орнотулгандыктан акыркы 4 күндөн бери телефонумду жана башка байланыштарды колдоно албай калдым. Бул талап медициналык сактык чараларынын бир бөлүгү болду.
Кудайга шүгүр, азыр бир кыйла жакшымын. Сиздерден кечирим сурайм. Көптөгөн журналисттер, туугандар, ага-инилер, спортчулар, достор чалган экенсиздер. Убагында жооп бере албадым. Кечирим сурайм. Тынчсызданганыңыздар үчүн баарыңыздарга ыраазычылык билдирем.
Мындан сырткары буюртма жазмакерлер аркылуу кесиптешим Айбек Осмонов экөөбүздү өлкөдөн шашылыш чыгып кетти деп Кадыржан Батыров, Батукаев же дагы башка бир террорчу сыяктуу катуу талкуу болгон экен. Мен дарылануу максатында төраганын атына кат жазып мыйзам чегинде жалгыз келдим. Депутат Айбек Осмонов бир канча күндөн кийин үй-бүлөсү менен чыгыптыр.
Ортобузда бир канча күн айырмачылык бар. Дегеле ден соолуктан ким саясат жасап жатат? Адамдын ден соолугу Аллахтан берилген аманат. Ден соолукту чыңдоо - парз! Эч кимиңиздер оорубаңыздар.
Урматтуу мекендештер!
Буюрса, аз күндөрдө дарылануу курсум аяктап барып калам. Ага чейин буюртма заказдарды алып, гыйбат, куру доомат, ушак-айыңдар менен каралап жаткандарга ыйман тилейм! Урматтуу саясатчылар, фейктер жана башкалар! Бирөөнү каралап жазардан алдын Кудайдан коркууга чакырам!
Ал эми адамдын эркиндиги, укугу, абийири, намысы конституциябызда корголгон! Биз мыйзамдуу мамлекетте жашайбыз. Мамлекетибизде мыйзамдуулук, адилеттүүлүк болушун тилейм!", - деп жазды ал.
Буга чейин айрым маалымат каражаттары 27-февралда депутаттар Шайлообек Атазов менен Айбек Осмонов чет өлкөгө чыгып кеткенин жазган. Ушундай эле маалыматтар социалдык тармактарда да тараган.
Айбек Осмонов 28-февралда SUPER.KG порталына Түркияга дарылануу үчүн кеткенин, өлкөгө кайра кайтып келерин билдирген. Ошондой эле ал жыл сайын февраль айында Түркиядан дарыланарын айтып, чет жакка чыгып кеткенине саясий негиз жок экенин, бул тууралуу парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиевге да маалымат бергенин кошумчалаган.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалыматты ырастап, Атазов менен Осмонов акы төлөнбөгөн эмгек өргүүгө чыкканын билдирген.