Биз социалдык тармакта

Орусиядагы шайлоо: Бишкекте добуш бергени келгендердин узун кезеги жаралды (видео)

Бүгүн, 17-мартта Бишкектеги Орусиянын элчилигине добуш берүүгө келгендердин узун кезеги жаралды.

Түш ченде добуш берүүчүлөрдүн кезеги элчилик жайгашкан Манас көчөсүнөн Киев-Исанов көчөсүнө чейин созулду.

Кыргызстанда төрт жерде - Бишкектеги элчиликтин, Орусиянын Оштогу башкы консулдугунун имараттарында, Кант жана Каракол шаарларында добушканалар ачылган.

Белгилей кетсек, Орусияда 15-мартта башталган шайлоо үч күнгө (15-16-17-март) созулуп, бүгүн жыйынтыкталат.

Орусиянын ушул таптагы президенти Владимир Путин бешинчи ирет президенттик шайлоого талапкер катары катышып жатат. Ал өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары катталган. Андан тышкары Владислав Даванков (“Новые люди”), Леонид Слуцкий (ЛДПР) жана Николай Харитонов (КПРФ) талапкерлигин койгон.

17.03.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан