Орусиянын президенттик шайлоосуна өлкөдө шайлоо тилкелери ачылды (тизме)

Өлкөдө Орусиянын президенттик шайлоосуна добуш берүү участоктору ачылды.

Учурда төмөнкү даректерде шайлоо тилкелери добуш берүүчүлөрдү кабыл алууда:

- Орусиянын элчилигинде (Бишкек шаары, Манас проспекти, 55);

- Ош шаарындагы Башкы консулдукта (Бобулов көчөсү, 77);

- №20022 аскер бөлүгүнүн Маданият үйүндө (Кант, Полевая көчөсү, 10А/1);

- №87366 аскердик бөлүгүнүн клубунда (Каракол шаары, Кой-Сары).

Добуш берүү Бишкек убактысы боюнча 08:00дөн 20:00гө чейин жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, Орусияда 15-мартта башталган шайлоо үч күнгө (15-16-17-март) созулуп, бүгүн жыйынтыкталат.

Орусиянын ушул таптагы президенти Владимир Путин бешинчи ирет президенттик шайлоого талапкер катары катышып жатат. Ал өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары катталган. Андан тышкары Владислав Даванков (“Новые люди”), Леонид Слуцкий (ЛДПР) жана Николай Харитонов (КПРФ) талапкерлигин койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан