Качкын президент Курманбек Бакиевдин басма сөз кызматынын мурдагы жетекчиси Алмасбек Турдумаматов 24.kg маалымат агенттигинин жетекчиси жана ээси болду. Бул Юстиция министрлигинин маалыматында белгилүү болду.
Маалымат агенттиги бүгүн, 19-мартта кайра каттоодон өттү.
Эскерте кетсек, буга чейин интернет желесинде аталган медиа мурдагы негиздөөчүсү Асел Оторбаевадан "Назарньюс" сайтынын редактору Гүлжан Шерипбаевага өткөнү тууралуу сүрөттөр тараган.
Ага чейин 15-январда УКМК кызматкерлери 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесине тинтүү жүргүзүп, "согушка үгүттөө" беренеси менен козголгон иштин алкагында директору жана башкы редакторлору тергөөгө сурак берип чыккан.