24.kg сайтынын ээси алмашканы маалымдалууда

Соцтармактарда 24.kg сайтынын ээси алмашканы тууралуу айтылууда.

Ага ылайык, аталган сайттын мурдагы негиздөөчүсү Асел Оторбаевадан "Назарньюс" сайтынын редактору Гүлжан Шерипбаевага өткөнү тууралуу сүрөттөр тарады.

Бирок аталган сайт жогорудагы маалымат тууралуу үн ката элек.

Ал эми 24.kg редакциясынын шеф-редактору Махинур Ниязова кызматтан кеткенин Фейсбук баракчасына жазды.

"Мен 24.kg'де иштебейм. Менин атым агенттик кимге өтсө да алардын алдында аталганын каалабайм. Бул эмоция эмес, принцип жана жалганга болгон чыдамсыздык. Менин буга чейин жарыяланган маалыматымдын негизинде козголгон кылмыш иши боюнча жооп берүүгө даярмын", - деп жазган ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан