Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын Кыргызстандагы элчилигине барып, Москва шаарындагы “Крокус Сити Холл” комплексинде террордук актын кесепетинен набыт болгон жарандарга байланыштуу ачылган көңүл айтуу китебине кол тамгасын калтырды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилей кетсек, буга чейин Акылбек Жапаров Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустинге, көп сандагы адам курмандыктарына алып келген террордук актка байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтуу телеграммасын жолдогон.