"Крокус Сити Холлдо" көп сандаган курмандыктарга алып келген террордук чабуулга байланыштуу менин чын жүрөктөн жана терең көңүл айтуумду кабыл алыңыз. Кыргызстандын министрлер кабинети зарыл болгон ар тараптуу жардамдарды көрсөтүүгө жана жапа чеккендерге колдоо көрсөтүүгө даяр. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, колдоо көрсөтүү сөздөрүн жеткирип коюшуңузду өтүнөм", - деп айтылат өкмөт башчысынын телеграммасында.
Эске салсак, кечээ, 22-марттын кечинде Москвадагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атылып, 60тан ашык адам каза болду. Бул окуяны Тергөө комитети "теракт" деп атап, кылмыш ишин козгоду.