Ырчы, дастанчы Азиз Батыровдун шакирттери Ташкентте өткөн сынакта баш байгени алышты. Бул тууралуу Батыровдун менеджери кабарлады.
Белгилүү болгондой, Ташкентте күү чертүү жана дастан айтуу боюнча "Учкун" аталышындагы эл аралык сынак болуп өткөн. Ага Орто Азия өлкөлөрү катышты.
Аталган конкурста Азиз Батыровдун шакирттери күү чертүү жана ырдоо боюнча баш байгени багындырды.