Ырчы, дастанчы Азиз Батыров жана анын шакирттери коңшу Өзбекстандын Ташкент шаарына эл аралык сынакка катышуу үчүн жөнөп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда SUPER.KG порталына ырчынын менеджери билдирди.
Айтымында, "Учкун" аталышындагы эл аралык сынак күү чертүү жана дастан айтуу боюнча өтөт. Ага Орто Азия өлкөлөрү катышат.
"Биз, шакирттерим “Ынтымак” тобу менен Ташкентке эл аралык сынакка катышуу үчүн жөнөп кеттик. Кыргызстандын намысын коргоп жеңиш менен кайтууга колубуздан келишинче аракет кылабыз", - деп билдирди ырчы.