Президент Садыр Жапаров Бишкекте 17-18-майда чет элдик студенттер менен болгон окуя тууралуу кайрылуу жасап, жатаканада чет элдик студенттерге кол салгандардын баары жазаланарын айтты
Мамлекет башчысы күч органдарына “окуяны толук көзөмөлдөп, жаштарга түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп, кырдаалды кагылышуусуз турукташтырууга аракет кылгыла” деген буйрук берип турганын билдирди.
"Эгер мародёрчулукка барса, милиция тарапка чабуул жасаса, же жатаканалардагы студенттерге кол сала баштаса, анда аёосуз чараларды көрөт элек. Бактыбызга жараша, андай болгон жок.
Албетте, башталышында студенттер жашаган жерлерге барып кол салып жиберген тентектер болду. Аларды өз убагында токтотуп калганга жетиштик. Эми алардын баары өз жазасын сөзсүз алышат. Биз укуктук мамлекетти кура алдык. Эми тартипти орнотобуз", - деди Жапаров.
Ошондой эле ал дагы ушундай окуя кайталанса, башаламандык уюштургандар аёосуз жазаланарын эскертти.