Бүгүн, 20-майда президент Садыр Жапаров Бишкекте 17-18-майда чет элдик студенттер менен болгон окуя тууралуу үн катты. Мамлекет башчысынын видео кайрылуусун басма сөз кызматы таратты.
Анда президент Жапаров мыйзамдын алдында баары бирдей экенин белгиледи.
"Тилекке каршы, баарыбызды тынчсыздандырган жагымсыз окуяга туш болдук. Ортодо чын-бышыгын билип-билбей, чын-төгүнүн аныктабай, чагымчыл күчтөрдүн азгырыгына жетеленген топтордун кылган ишинин кесепетинен көпчүлүк элибиз, мамлекетибиз жабыр тартып отурат.
13-майда болгон окуяга калпы-чыны аралаш ар кандай боёктор сүртүлүп, 18-майда интернетке видеоматериал жайылткандардын кесепетин баарыбыз көрдүк. Ооба, күч органдары өз маалында чара көрүп, жүргүзүп жаткан иштерин өз маалында коомчулукка чыгарганда, балким, мындай болбойт эле. Биздин Ички иштер министрлигибиз 13-майда болгон окуянын себепкерлерин кармап, ыкчам аракеттерди жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү камап жаткан. Бирок, тилекке каршы, бул кырдаалды башка күчтөр, жагдайды курчутууга кызыкдар тараптар пайдаланып кетүүгө үлгүрүштү.
Биздин патриот жаштарыбыздын чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз миграциясын токтотуу, мындай иштерге жол бергендерге катуу чара көрүү сыяктуу талаптары, албетте, туура. Ал талаптарды бул окуяда эле эмес, буга чейин да коюп келе жаткансыздар. Тиешелүү мамлекеттик мекемелер бул маселелерге анализ жүргүзүп, тиешелүү иш жүргүзө баштаганын дагы билесиздер. Өзүңөр күбө болгондой, буга чейин эле УКМК, ИИМ тарабынан мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандарды аныктоо иштери жүрүп жаткан.
Бирок, жогоруда белгилегенимдей, интернет желесине эмне чыкса, ошого ишенип, тең салмактап, талдоо жүргүзө албай, ортодо чагымчылдардын намысты козгогон азгырыктарына жетеленип, куттуу өлкөбүздүн, өнүгүү жолуна багыт алган мамлекетибиздин, эзелтен келаткан меймандос элибиздин кадыр-баркына шек келтирдиңер. Бул өтө өкүнүчтүү!" - деди мамлекет башчысы.
Ошондой эле ал оңой олжого туйтунуп, карактоо аракетин кылган ээн баштардын, алардын мындай аракетин көбүртүп-жабыртып, чоң чууга айлантууну көксөгөн чагымчылдардын арам ойлорун ишке ашырууга жол берилбей турганын кошумчалады.
"13-майдагы окуя иликтенип, күнөөлүүлөр кармалып, териштирүү иштери жүрүп жатканда, ал окуя тууралуу видео 18-майда интернетке жүктөлүп, биздин кызуу кандуу жаштарыбыздын канын кызытууга кошумча от жаккан, ортого чагым салган, куру намысты козгогон интернет посттор менен коштолду. Буга бийликке жетпей калгандар, коррупцияга каршы күрөштү жактырбагандар, түрмөдө жаткан саясатчылар атайын Вотсап группаларды, фейк аккаунттарды түзүп алышып, чагым салган маалыматтарды таратышканын ачык айтып коёюн.
Ошентсе да 18-май түнү чыккан жаштарды токтотууга аракеттер көрүлүп, ар кандай агрессияга алдырып, мындан да жаман окуялардын чыгып кетишине жол берилген жок. Ошондой эле биздин кызуу кандуу жаштарыбызга күч колдонуп таркатуу да болгон жок, аны да билесиздер. Анткени алардын арасында курал алып, окуяны күтүүсүз башаламандыктарга айлантууну эңсеген арам ойлуулар жүргөнү тууралуу бизде ыкчам маалыматтар бар эле.
Милиция кызматкерлери элди күч менен тарата баштаганда "мына биздин бийлик кыргыз балдарды коргогондун ордуна, тескерисинче, тигилерге болушуп, өз элин кордой баштады" деп, адаттагыдай эле ошол жерден видеокайрылууларды таратып, масштабдуу көтөрүлүшкө чакырабыз деген блогер сымал жана ниети бузуктар элдин арасында даяр турушту. Андай өтө кооптуу жагдайларды биздин патриотпуз деген кызуу кандуу жаштарыбыз билген жок. Жаштар эле эмес, жалпы эл деле “ии, чын эле” деп ишенип алышмак.
Ошондуктан күч органдарына “окуяны толук көзөмөлдөп, жаштарга түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп, кырдаалды кагылышуусуз турукташтырууга аракет кылгыла” деген буйрук берип турдум. Эгер мародёрчулукка барса, милиция тарапка чабуул жасаса, же жатаканалардагы студенттерге кол сала баштаса, анда аёосуз чараларды көрөт элек. Бактыбызга жараша, андай болгон жок.
Албетте, башталышында студенттер жашаган жерлерге барып кол салып жиберген тентектер болду. Аларды өз убагында токтотуп калганга жетиштик. Эми алардын баары өз жазасын сөзсүз алышат. Биз укуктук мамлекетти кура алдык. Эми тартипти орнотобуз. Тартип болбосо, кандай гана мамлекет болбосун, өнүгүү болбойт. Кылмышкерлерди өзүм билемдик менен жазалоого жол берилбейт. Жазалоо үчүн сот бар, бийлик бар.
Биз бул жолу ушул окуядан чоң сабак алдык. Эл дагы сабак алып, эми мындан ары мындай чакырыктарга, чагымчылдыкка
оор басырык, сергек ой жүгүртүү менен анализ жасап, дароо эле дүрбөп чыга калбайт деп ишенебиз. Эми мындан ары ушундай окуя кайталанса, анда күч органдары биринчи мүнөттөрдөн баштап эле күч менен таратуу ыкмасына өтөт. Кудайга шүгүр,
азыр күч структуралары мурдагыдай алсыз эмес. Мейли, ким болбосун, ал биздин жаранбы же чет өлкөлүк жаранбы, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө шек келтирсе, башаламандык уюштура турган болсо, аёосуз жазасын алышат", - деди Жапаров.
Өлкө башчысы сөзүнүн соңунда патриот жаштарга кайрылып, акыл-насаатын айтты.
"Биз дагы силер сындуу Кыргызстан үчүн күйөбүз. Биздин патриоттугубуз силердикинен ашса ашат, кем калбайт. Биз дагы силердей болуп элибиздин башын бийик көтөрүп жүрүшүн каалайбыз. Ошол үчүн өлкөнүн өнүгүшүнө бар күч-аракетибизди жумшап жатабыз.
Өлкөбүз өзүнөн-өзү өнүгүп кетпейт, сырткы дүйнө менен тыгыз карым-катышта болуу менен алдыга жылат. Дүйнөнүн кайсы гана мамлекети болбосун алака-катышта болуубуз зарыл. Дүйнө таануу үчүн чет өлкөлөргө чыгуу керек. Ал үчүн биздин жаштарыбыз өнүккөн өлкөлөрдү көрүп, ак-караны ажыратып, тажрыйба топтоп, эмгек миграциясында жүрүшөт. Бир миллиондон ашуун элибиз чет өлкөлөрдө окуп, иштөө менен алек.
Биздин ошол жарандар сыяктуу эле бизге дагы чет өлкөлөрдүн жарандары келип, окуп, иштеп жатышат. Биз буга кубанышыбыз керек. Мунун баары алака-катыш, байланыш, тажрыйба топтоо, туризм экенин жакшы билесиздер. Укуктук тил менен айтканда, мунун баары эл аралык байланыш, дипломатия, туризм деп аталарын да билесиздер. Ошол үчүн бардык өлкөлөр сырткы дүйнө менен байланышта болуп жашайт, инвестиция салып, өз өлкөсүнө инвестиция тартып, өсүп-өнүгөт.
Бул – өнүккөн өлкөлөр колдонуп келе жаткан классикалык үлгү. Башка өлкөлөрдөй эле Кыргызстан дагы өнүгүүнүн ушундай багыттарын колдонуп баштаган. Бул жаатта өзүңүздөр деле багыт берип, “туризм менен өнүгөлү” деп көптөгөн алгылыктуу сунуш-пикирлерди айтып келе жатасыздар. “Керемет жерлерибиз бар, ошолорго туристтерди тарталы, келсин-көрсүн, башкалардан эмнебиз кем” деп келесиздер.
Туризм тармагынан эле өлкөбүзгө мынча пайда түшөт экен деп өзүңүздөр эсеп-чотун да айтып берип келатасыздар го? Башка өлкөлөр өз өлкөсүнө туристтерди келтире албай убара. Ал эми биз келген ырысыбызды тээп жаткандайбыз. Башка маселе, эгер бизге келген туристтер маданиятсыз болсо, акырын айтып тарбияга салалы. Бул эми бир эле мисал, айта берсем сөз көп. Биздин балдарыбыз да чет жерде жүрүшөт.
Адам үйүнөн 40 кадам узагандан кийин мусаапыр деп коёт. Мен буларды айтып жатканымдын себеби – ошол сырт дүйнө менен болгон мамилебизди, жаңыдан жанданып келаткан инвестиция, туризм тармагына, эч болбосо меймандостук салтыбызга шек келтирбесек дегеним. Эң жок дегенде сыртта жүргөн уул-кыздарыбыз дагы ушундай мамилеге учурап калуу мүмкүн экенин эсибизден чыгарбашыбыз керек. Муну “жети өлчөп, бир кесип”, туура ой жүгүртө алган жарандарыбыздын баары айтып жатышат", - деди президент.