16-июнда Курман айт майрамына байланыштуу айт намаздар жер-жерлердеги мечиттерде окулат. Бул тууралуу муфтият маалымат таратты.
Ал күнү саат 06:15-07:25те баяндар айтылып, 07:25-7:30да айт намазын окуу эрежеси түшүндүрүлөт. Саат 07:30да Курман айт намазы окулат.
Белгилей кетсек, Курман айт Орозо айттан 70 күн өткөн соң белгиленет. Былтыр бул күн 28-июнга туш келген. Аталган майрамда айт намазы окулуп, курмандыкка мал союлуп, муктаждарга жардам берилет.