Муфтият Курман айттын так датасын жарыялады

Өлкөдө Курман айт майрамы 16-июнда белгиленет. Бул тууралуу муфтият билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-июнь ишемби күнү арапа болот.

Белгилей кетсек, Курман айт Орозо айттан 70 күн өткөн соң белгиленет. Былтыр бул күн 28-июнга туш келген. Аталган майрамда айт намазы окулуп, курмандыкка мал союлуп, муктаждарга жардам берилет.

Эске салсак, буга чейин Курман айтты кыргызстандыктар 17-июнда майрамдай турганы айтылган. Мындай маалымат Министрлер кабинетинин сайтындагы токтом менен бекитилгени кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан