Биз социалдык тармакта

“Абалы туруктуу”. Кечээ боорун алмаштырган бейтаптан министр кабар алды (видео)

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев боорун алмаштырган бейтаптан кабар алды. Анын абалы туруктуу деп бааланууда. Бул туурасында бүгүн, 11-июнда мекемеден кабарлашты.

Маалымдалгандай, аялга боорун алмаштыруу операциясы кечээ, 10-июнда жасалган.

Абалы туруктуу. Бүгүн 50 жаштагы аялдын боорун алмаштыруу боюнча экинчи операция жасалууда. Кызы донор болуп жатат”, - деп билдирген маалыматта.

Эске салсак, кечээ, 10-июнда Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштыруу операциясы ийгиликтүү аяктаган. Операция 8-9 саатка созулуп, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган түркиялык жана кыргызстандык адистерден турган дарыгерлер тобу катышкан.

Боорун алмаштырган бейтаптан министр кабар алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан