Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкектеги Кыргыз-түрк достугу ооруканасында боорду алмаштыруу операциясы ийгиликтүү өткөнүн билдирди.
Операция 8-9 саатка созулуп, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган түркиялык жана кыргызстандык адистерден турган дарыгерлер тобу катышты.
Реципиенттин да, донордун да гемодинамикалык көрсөткүчтөрү туруктуу бойдон калууда.
«Операциянын жыйынтыгы биз үчүн канааттандырарлык болду. Донордук боор трансплантациядан кийин дароо иштей баштады, бул бейтаптын андан ары сакайып кетиши үчүн жакшы жышаан», - деген министр.