Биз социалдык тармакта

Самсак Станалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең өтөт

Кыргыз Эл жазуучусу Самсак Станалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 13-июнда Бишкек шаарында өтөт. Бул тууралуу жазуучунун карындашы Гүлзада Станалиева соцтармактагы баракчасына жазды.

Коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болот.

Бүгүн, 12-июнда өлкөнүн Эл жазуучусу Самсак Станалиев узакка созулган оорудан улам дүйнө салганы кабарланган. Жазуучу поэтикалык жана прозалык 12 китептин автору. Мындан тышкары 250дөн ашуун адабий, илимий жана сын макалалардын автору.

Жазуучунун «Чагылгандын көз жашы» жана «Акжарыктын айыкпаган сыныгы» романдары окурмандардын суроо-талабы менен бир нече жолу басылып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан