Кыргыз Эл жазуучусу Самсак Станалиев дүйнө салды

Бүгүн, 12-июнда Кыргыз Эл жазуучусу Самсак Станалиев узакка созулган оорудан улам дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Самсак Станалиев Жалал-Абад облусуна караштуу Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Жазы-Кечүү айылында 1950-жылы 11-сентябрда туулган. 1977-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүн бүтүргөн.
Эмгек жолун 1966-жылы Кара-Көл шаарындагы «Нарынгидроэнергокурулуш» башкармасында жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. 1968-жылы Токтогул райондук камсыздоо бөлүмүндө улук эсепчи болуп иштеген. 1971–1972-жылдары Токтогул райондук «Учкун» гезитинде, 1978–1980-жылдары «Ленинчил жаш» гезитинде, 1986-жылы «Кыргызстан маданияты» гезитинде эмгектенген.
2001-жылдан баштап «Кыргыз Туусу» гезитинде баяндамачы болуп иштеген. 2005–2011-жылдары «Адабий Ала-Тоо» гезитинин башкы редактору, ал эми 2019–2021-жылдары «Ала-Тоо» адабий журналынын башкы редактору болгон.
1989-жылдан бери Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Самсак Станалиев поэтикалык жана прозалык 12 китептин автору. Айрым чыгармалары орус, украин, казак тилдерине которулуп жарыяланган. Ч.Айтматовдун “Тоолор кулаганда” романын, “Манастын бала чагы” эпос-жомокту, В.Ф.Одоевскийдин, О.Н.Тихомировдун жана башкалардын китептерин кыргыз тилине которгон. Мындан тышкары 250дөн ашуун адабий, илимий жана сын макалалардын автору.
Жазуучунун «Чагылгандын көз жашы» жана «Акжарыктын айыкпаган сыныгы» романдары окурмандардын суроо-талабы менен бир нече жолу басылып чыккан.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Самсак Станалиевдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан