Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) аварияга казан жылыткан адистердин да күнөөсү бар. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Депутат Элдар Абакиров социалдык түйүндөрдө ЖЭБдин жарылуусунун себеби көмүр чаңы деген маалымат канчалык туура экендигине кызыгып, жарылуу себептерин сурады.
Министр Ибраев эл өкүлүнүн суроосуна жооп берип жатып кырсыкка от казандардын эскилиги жана кызматкерлердин катасы себеп болгондугун айтты.
Эске салсак, 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында Бишкек Жылуулук электр борборунда авария болуп, 5 адам жабыркаган. Жабыркагандардын ичинен абалы оор деп бааланган 2 киши Түркия мамлекетинде дарыланып, 9-май күнү өлкөгө кайтып келишкен.