Бишкек ЖЭБдеги аварияда жабыркаган жарандар президенттик борт менен Түркияга жөнөтүлдү

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен кечээ, 3-февралда Бишкек ЖЭБде жабыркаган эки адам, ошондой эле тик учактын кулашынан жабыркаган эки аскер кызматкери андан ары дарылануу үчүн Түркиянын адистештирилген клиникаларынын бирине жөнөтүлдү.

Маалыматка ылайык, жабырлануучуларды жакындары менен бирге кыргызстандык эки дарыгер коштоп барат. Бейтаптар, коштоп жүргөн туугандары жана дарыгерлер президенттик ТУ-154 борту менен жеткирилет.

"Жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча бардык иш-чаралар президенттин жеке көзөмөлүндө, жабыркагандарды, алардын жакындарын жана медицина кызматкерлерин Түркияга жеткирүү үчүн каржылык каражаттар бөлүнгөн", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан