Полковник Шоноевдин өлүмү боюнча өкүм өзгөрүп, кылмышкер Тилек Жапарбаев эми өмүрүнүн акырына чейин абакта отурмай болду

Жогорку Соттун чечими менен полковник Шоноевдин өлүмү боюнча мурда чыгарылган өкүмгө өзгөртүү кирди. Баш прокуратуранын маалыматына караганда, Ош облустук прокуратурасы Жогорку Сотко кайрылып, буга чейин райондук жана облустук соттор чыгарган өкүм "жумшак" болуп калганын билдирген. Жыйынтыгында, облустук сот 30 жылга кескен Тилек Жапарбаев эми өмүрүнүн акырына чейин абакта отурмай болду. 
Эске салсак, ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түштүк башкармалыгынын бөлүм башчысы Толкунбек Шоноев 2013-жылы 11-январда үйүнүн жанынан киши колдуу болгон. Кармалган беш кишинин баары тең күнөөлүү деп табылып, мүлкүнөн ажырап, өзгөчө режимдеги абакка 10, 20, 30 жылга кесилген. Аскарбек уулу Арипбек өмүрүнүн аягына чейинки жаза алган. Эми аны менен кошо мындай жазаны Тилек Жапарбаев да тартмакчы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан