Астана шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпиондугунда эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев финалга чыкты.
Ал жарым финалда америкалык балбанды 3:2 эсебинде жеңди. Акматалиев чейрек финалда түркиялык балбанды 8:3 эсебинде утса, ага чейин канадалык атаандашын жеңген. Акматалиев дүйнө биринчилигинде 71 килограмм салмак ченинде катышууда.