
Социалдык тармактарда президенттин карындашынын колун тик учак менен сурап, талкууга калган жаран тик учакты мыйзамдуу жол менен ижарага алган. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Министрликтин маалыматына ылайык, аталган жаран 21-июнда министрлик менен тик учакта 1 саат учуу үчүн келишим түзгөн.
"Акысы төлөнгөн соң 24-июнь күнү 56 мүнөт учушкан. Ал үчүн кассага Сабырбеков Афтандил 157 миң 662 сом төлөгөн. Учуу убактысы мүнөт, секунддарына чейин тик учакта сакталат", - деп билдиришти министрликтен.
25-июнда Лазат Нуркожоеванын жигити тик учак менен сүйгөнүнүн колун сураган видео социалдык
тармактарга тараган. Бул коомчулуктун сынына кабылып, айрымдары аша чапкандык экенин айтышкан.