Президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде карындашы Лазат Нуркожоеванын жигити тик учак менен колун сурашына комментарий берди.
Анда президент болочок күйөө баласы жаштык кылганын айтты.
"Өлкө жетекчилигинин жакындары башкаларга үлгү болушу керек. Ысырапкорчулукту токтотолу деп какшап келе жатам. Эң жок дегенде болочок күйөө бала ушул демилгемди колдоп, ойлонсо деле болмок. Президенттин жакыны болгон жатса, элдин сынына кабылбайын, президентти да сынга кабылтпайын деши керек эле. Жаштык кылып койду деп ойлойм. Жөнөкөй жол менен эле келип колун сураса, бири-бирин жактырышса баш тартмак эмес да.
Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тик учактардын үч башка түрүн алып бергенбиз. Баары жаңы.
Мейли, кайсы мекеме болбосун, бирди эки, экини үч кылып кетиш керек. Алдыга жылуу, өнүгүү болуш керек. Ошол үчүн тик учактарды мамлекеттин ишине керектөө мезгилинен сырткаркы убактарда коммерциялык багытта да иштеткиле деп уруксат бергенбиз.
Азырынча учактар жаңы кезинде өздөрүн актап, өздөрүнүн ордуна экинчи, үчүнчү учактарды алып келиш керек. Учпай тура берсе, мөөнөтү өтүп кеткенден кийин учактар учууга жараксыз болуп калат.
Ошондуктан, мейли, жөнөкөй жаранбы, бизнесменби, мейли, туристпи, мейли, инвесторбу тик учактарды ижарага алам десе, мамлекет кубануу менен беребиз. Анткени ижарага берүүдөн түшкөн ар бир тыйын мамлекетке түшүп, кийинки жаңы тик учактарды сатып алууга топтолот. Ошентип авиапарк улам жаңыланып турат.
Антпесек кийин, 2020-жылга чейинкидей, өлкө боюнча бир дагы тик учагыбыз калбай калат. Азыр, Кудайга шүгүр, жалпы жыйырмага жакын тик учагыбыз бар.
Ижарадан түшкөн акчаларга улам жаңы тик учактарды сатып алып турабыз. Буга чейин да айтканбыз, азыр да айтам, кимге тик учак керек болсо буюртма берип, өлкөбүздүн каалаган жерине учуп барып-келип турса болот. Мындан мамлекет пайда гана табат", - деди Жапаров.
Кечээ, 25-июнда социалдык тармактарда Лазат Нуркожоеванын жигити тик учак менен сүйгөнүнүн колун сураган видео социалдык тармактарга тараган. Бул коомчулуктун сынына кабылып, айрымдары аша чапкандык экенин айтышкан.