Өлкөдө дагы эки абитуриент “Алтын сертификатка" ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлайт.
Ага ылайык, май айындагы ЖРТга жүйөөлүү себептер менен тапшырбай калган бүтүрүүчүлөр үчүн 21-23-июнда тестирлөө өткөн. Анын жыйынтыгында эки абитуринет жогорку балл алган. Алар:
Абдумалик Турсунов (231 балл) – Ош облусу “Профессор Купуев П.К. атындагы Академиясы” мекемеси;
Айчүрөк Ишенбекова (225 балл) – Бишкек шаары, №70 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин былтыркы бүтүрүүчүсү.
Белгилей кетсек, Айчүрөк Ишенбекова 2023-жылы дагы ЖРТ тапшырып, 232 упай менен “Алтын сертификатка” ээ болгон.
Маалымат үчүн: Буга чейин өлкөдө 56 абитуриент "Алтын сертификат" алганы кабарланган. Жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку упай 234тү түзгөн болчу.