Кыргызстандын абитуриенттери арасында Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы белгилүү болуп, эң жогорку упай 234тү түздү. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, эң жогорку 234 упайды Бишкек шаарындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин жалпы билим берүү орто мектебинин окуучусу Аминат Гордаева, Бишкектин №29 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин бүтүрүүчүсү Максат Оморов жана Таластагы “Мээрим-Себат” Талас эл аралык Кыргыз-Түрк кыздар лицейинин окуучусу Элнура Эркинбекова алды.
“Алтын сертификат” алуу укугуна Бишкек шаарынан – 34, Чүй облусунан – 7, Ош шаарынан жана Ош облусунан – 6, Жалал-Абад облусунан – 3, Нарын облусунан – 3, Талас облусунан – 2 жана Баткен облусунан – 1 окуучу ээ болду", - деп айтылат маалыматта.