Биз социалдык тармакта

Эски ID-картты качан жана кайдан алмаштырса болот? Министрлик жооп берет

Буга чейин Санариптик өнүктүрүү министрлиги AN сериясындагы 2004-жылкы үлгүдөгү ID-картын 2024-жылкы жаңы үлгүдөгү ID-картка алмаштыруу боюнча улуттук кампания башталганын билдирген. Мындан улам ведомство жарандар тарабынан көп берилген суроолорго жооп берди.

Белгилей кетсек, 2004-жылкы сары түстөгү AN үлгүсүндөгү ID-карттарды гана алмашууга мүмкүн. 2017-жылкы үлгүдөгү ID-карттар алмаштырууну талап кылбайт.

— ID-карттын мөөнөтү бүтө элек болсо, аны алмаштыруу керекпи?

— Алмаштыруу ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт. Бирок документтин коопсуздугун жогорулатуу, маалыматтардын актуалдуулугун камсыздоо жана сиздин паспортуңузду эл аралык стандарттарга шайкештигин камсыздоо үчүн документти алмаштырууну сунуштайбыз.

Жаңы ID-карт үчүн кандай документтер керектелет?

16 жашка толгондо:

Туулгандыгы тууралуу күбөлүк/көчүрмөсү. Жарандыгын тастыктоо үчүн ата-энесинин/камкорчусунун паспорту.

Эски ID-карттын алмаштыруу үчүн:

AN сериясындагы 2004-жылкы үлгүдөгү сары түстөгү ID-карты.

ID-карт жоголгон учурда:

Жаңы ID-карт алуу үчүн арыз.

ID-картты качан жана кайдан алмаштырса болот?

— Акция ушул жылдын 1-июлунан 31-августка чейин акысыз жана ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт. Калкты каттоо департаментинин жергиликтүү бөлүмдөрүнө, Калкты тейлөө борборлоруна же чет өлкөлүк мекемелерге кайрылса болот.

2017-жылкы биометрикалык ID-карттарды өзгөртүү керекпи?

— Жок, алар эл аралык стандарттарга жооп берет жана жогорку деңгээлде корголгон.

Эске салсак, буга чейин өлкө башчысы Садыр Жапаров жакында ID-карттарды бекер алмаштыруу боюнча акция жүрө турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан