
AN сериясындагы 2004-жылкы үлгүсүндөгү ID-картын 2024-жылкы жаңы үлгүдөгү ID-картка алмаштыруу боюнча улуттук кампания башталды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги кабарлайт.
Ведомство эски документтер коопсуздук жана ыңгайлуулук жагынан азыркы замандын талаптарына жооп бербей турганын белгиледи.
"Анын алкагында 1-июлдан 31-августка чейин жарандар үчүн каалаган себеп менен (жоголгондугуна, бузулгандыгына же аты-жөнүн өзгөрткөндүгүнө байланыштуу) акысыз жана өз каалоосу менен документ алмаштырууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Жаңы ID-карттар биометрикалык маалыматтарга жана актуалдуу жеке маалыматтарга ээ. Муну менен жаңы документ колдонууда коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыздайт", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин өлкө башчысы
Садыр Жапаров жакында ID-карттарды бекер алмаштыруу боюнча акция жүрө турганын
билдирген.
Маалымат үчүн: 2004-жылкы сары түстөгү AN үлгүсүндөгү ID-карттарды гана алмашууга мүмкүн. 2017-жылкы үлгүдөгү ID-карттар алмаштырууну талап кылбайт.