
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ноокат районунда сел жүргөн аймакта 124 куткаруучу иштеп жатканын бүгүн, 29-июнда билдирди.
Ага ылайык, 42 куткаруучу Абшыр-Ата эс алуу жайында калган жарандарды эвакуациялоого, 13 куткаруучу Кезарт жайлоосуна чыгып кетишти.
Учурда 46 куткаруучу сел болгон аймакта издөө иштерин жүргүзүүнү башташты. Ал эми 18 куткаруучу селдин кесепеттерин жоюу иштерине тартылат.
Мындан сырткары Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдор департаментинен тартылган 5 адис сел жүргөн аймакта изилдөө иштерин жүргүзө баштады.
Белгилей кетсек, буга чейин Ноокат районундагы селден беш адам каза болгону
кабарланган. ӨКМ 2 адамды издөө иштери уланып жатканын айткан. Аталган районго "өзгөчө кырдаал" режими
киргизилген.