Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош облусунун Ноокат районуна "өзгөчө кырдаал" режими киргизилгенин кабарлады.
Билдүрүүгө таянсак, Ноокаттын Кулатов айыл аймагында саат 16:10до нөшөрлөгөн жамгырдын улам Абшыр-Ата айылында Шаран-Сай сел өтүүчү сай аркылуу сел жүргөн.
Натыйжада ички чарбалык көпүрөнү, №37 ЖТИге караштуу 1 көпүрөнү, 10 электр мамычаларды агызып, 10 турак үйдүн короосуна кирген.
Сел суулары нугунан ашып, сайдын ичинде дем алуу топчандагы 7 адамды агызып кетип, 5 адамдын сөөгү табылган. 2 адамды издөө иштери уланууда.
Исанов, Көк-Жар, Абшыр Ата айыл аймактарда 9 900 турак үй бар, анын ичинен 185 үй сайдын жээгинин үстүндө жайгашкан.
Жеринде президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары, ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары жана жүздөгөн куткаруучулар иштеп жатат.
Мындан сырткары өзгөчө кырдаалдар министрдин орун басары Эделбек Кулматов көзөмөлдөөдө. Буга кошумча 100 куткаруучу жөнөп кетти.