Биз социалдык тармакта

Адамдар суудан аркан менен өтүп. Абшыр-Атада 180 киши коопсуз жайга чыгарылды (видео)

Селдин кесепетинен Абшыр-Ата эс алуу жайынын жогору тарабында калган 180 киши суудан өтүп, коопсуз жайга жайгаштырылды. Бул жөнүндө ӨКМ билдирип, учурда эвакуациялоо иштери уланып жатканын кошумчалады.

Селдин кесепеттерин жоюу иштерине ӨКМден жалпы 130 куткаруучу, Жарандык коргонуу кызматтарынан 70 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 120 адам тартылган. Мындан тышкары 20 инженердик техника иштеп жатат.
Кошумча маалымат берилет.
Белгилей кетсек, буга чейин Ноокат районундагы селден беш адам каза болгону кабарланган. ӨКМ 2 адамды издөө иштери уланып жатканын айткан. Аталган районго "өзгөчө кырдаал" режими киргизилген.
Видео: ӨКМ
29.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан