Селдин кесепетинен Абшыр-Ата эс алуу жайынын жогору тарабында калган 900гө жакын адам суудан өткөрүлүп, үйлөрүнө жеткирилүүдө. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.
Маалыматка караганда, ал жакта 1400гө жакын жаран суудан өтө албай калышкан. Жеринде облус, район жетекчилиги, ӨКМ, ИИМ, медицина кызматкерлери, жергиликтүү тургундар куткаруу иштерин жүргүзүүдө.
"Ал жакта жабыркагандар жок, баары аман-эсен" деп жазылган маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин Ноокат районундагы селден беш адам каза болгону
кабарланган. Аталган районго "өзгөчө кырдаал" режими
киргизилген.
Сүрөт: ӨКМ, МТРК "ЭлТР"