Бүгүн, 29-июнь саат 19:30да тик учак менен дагы 6 адам Ноокат районунун Абшыр-Ата жайлоосунан эвакуацияланды. Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат таратты.
Маалымдалгандай, алардын экөө аял, үчөө эркек киши жана бирөө жаш бала. Алар тик учак менен коопсуз жайга жеткирилген. Дарыгерлер аларды кароодон өткөрүп, тийиштүү жардам көрсөтүшүүдө.
Буга чейин Абшыр-Ата эс алуу жайынын жогору тарабында калган 1300дөн ашуун адам эвакуацияланганы
кабарланган. Акыркы маалыматтарга ылайык, Ноокат районунда катталган селден алты адам каза болгону кабарланды.